www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов эки жума мурун парламенттен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду жемеледи. «Өмүркулов учурунда Алмазбек Атамбаевди колдоп жүрүп, эми ага каршы чыкканы туура эмес» деп күпүлдөп, элдин астында упай жасаганга далаланттанды Насырканович. Өз учурунда Иса Шейшенкулович дагы татыктуу жообун берди, "Атамбаевди мен эле эмес учурунда шефиң Текебаев экөөң да «президент кылабыз» деп чуркабадыңар беле" деп.Чында!
Алмамбет Шыкмаматов башкага асылса дагы өзүнүн байкесине (Иса Өмүр-куловдун түбү Жумгалдын Кызартынан. Саяктын жараш уруу-сунан) асылып, телпеңдебей эле койсо болмок.
Айтмакчы, Алмакебш сүйлөгөнгө чейин «лентаны» бир аз артка түрдүрүп койсо минтип бакыддабас эле. Ал өзү Атамбаевге чуркаганын унутуп калган өңдүү. Дегенибиз, кезинде Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболканы кийип алып, «президент кылам» деп чуркап жүрбөдү беле? Жумгал району боюнча Атамбаевдин координатору дагы болбоду беле?
Анан эми эле асмандан түшө калгансып сүйлөгөнү таңкалтырат да. Кудум периштелердин айылынан түз эле Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенсип. Ии баса, 2010-жылга чейин жөнөкөй, анан калса карапайым турмушта жашаган Алмамбет Шыкмаматов бүгүн байлыкка кантип жеткенин иликтеп-жиликтеп айтып бере алабы?
2010-2019-жылдар аралыгында алдыңкы байлардын катарына кошулган каарманыбыз мамлекетгак кызматтын айлыгы менен кантип чириген байга айланды?
Ошондой эле Алмамбет Насырканович өзүн бир сөзүнө турган саясатчы катары көргөзгүсу келет. Бирок, анын эки сүйлөгөн учурлары жок эмес. Буга мисал кылып өткөн айларда болгон «КТ-Мобайл» чырынын айланасындагы эки башка отурумунда эки башка сүйлөгөн сөзүн айтсак болот.
«КТ-Мобайл» компаниясын «иштей албайт" деп канкакшап аткан Шыкмаматов кийинки отурумда «колдошубуз керек» деп маймыл болгонуна өзүбүз күбө болдук го. Анан ушулар «этикет», «элита», «принцип» тууралуу сүйлөп күйгүзүшөт да...
Булак: Бекбол Айдаров, АЗИЯnews