www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек РИИБдин Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Сумбула айыл аймагынын Көк-Таш айылында окуучулар жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чара жаш өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана коомдогу терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ата-энелерге түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп, балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу боюнча эскертүүлөр берилди. Ошондой эле ишеним телефондорунун номерлери таратылып, кандайдыр бир мыйзам бузуу фактылары катталган учурда дароо милицияга кайрылуу зарылдыгы белгиленди.

 

Последние новости