www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Баткенге барып, жергиликтүү элдин датын укту. Кайрылгандар бир ооздон Жеңиш Разаковго ачууланышып, Баткендин жерин Тажикстанга өткөрүп салганын, каршы чыккандарды коркутканын айтышты.

Дал ушул эргулдун айынан чыр-чатактар байма-бай болгону, жерибиздин коңшу өлкөгө өтүп кеткени талкуу жаратты. Садыр Жапаров тийешелүү документтерди карап, Жеңиш Разаковго баа бере турганын убадалады. Эми чыныгы күнөөкөр жазасын алабы?

Эске салсак, мурунку бийликтердин убагында Разаков Баткен ОИИБ начальниги, губернатор, вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Дал ушунун убагындагы тажиктер менен талаш жараткан жерлерди бийлик тыкыр иликтеп, жазасын берсе, кийинки чиновниктерге да сабак болот эле.

Булак: Азия News гезити

Последние новости