www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын түндүгүндө жарандардын уулануусунан кийин ичүүчү суу текшерилүүдө. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча райондук башкармалыктын жетекчиси Жангилды Ибраев билдирди.

Маалыматка ылайык, Түндүк Казакстан облусунун Кызылжар районунда жүздөн ашык адам уулануунун белгилери менен дарыгерлерге кайрылышкан.

«Мекеменин адистери санитардык-химиялык, бактериологиялык жана вирусологиялык көрсөткүчтөр боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн тургундар ичкен суунун бир нече булагынан үлгүлөрдү алышкан. Бактериологиялык көрсөткүчтөр боюнча текшерүүнүн жыйынтыктары оң чыкты. Алты үлгүдө суунун булганган экени аныкталды. Бул боюнча кошумча экспертиза дайындалды», — деди Ибраев.

Эскерте кетсек, 28-майдан бери Кызылжардан болжол менен 12 чакырым алыстыкта жайгашкан Бескөл айылынын 130дан ашык тургуну дарыгерлерге кайрылып, жүрөгү айланып, ичи өтүп жатканына даттанышкан. Медиктер аларга энтеровирус инфекциясы деген диагноз коюп жатышат. 3-июнга карата 18 киши, анын ичинде 17 бала ооруканада жатканы, абалдары туруктуу экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости