www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия «Шыдыр жол» компаниясынын жапжаңы автобустарын 2 жылдан бери каттамга койбой келет. Бул тууралуу Өмүрбек Тиллебаев билдирди.

«Бишкек мэриясына кулак кагыш.

Урматтуу Мэрия! Эмне үчүн «Шыдыр жол» компаниясынын жапжаңы автобустарын 2 жылдан бери каттамга койбой келесиңер. Былтыр ушул маалда гаражда чаң басып жаткан жеринен телеге тартып келип көрсөткөнмүн. Компаниянын директору шаардын транспорт тармагын тейлеген тиешелүү жетекчилери каттамга коюш үчүн пара сурап жатканын, ал турсун 1-2 кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын, бирок абал өзгөрбөй келе жатканын айтып даттанган. Сураган парасы бир эле жолу болсо бермекмин, бирок алар андан кийин да автобустардан күн сайын түшкөн акчанын белгилүү бир процентин берип турасың деп жатканын билдирген. Азыр ошол автобустарды каттамга чыгаргылачы, эл кыйналбай жыргап калсын», - деп белгилеген Тиллебаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости