www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активисттер берген автобустар да каттамга чыкты

Бүгүн, 4-июнь күнү да Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары каттамга чыккан жок. Алар 2-июнда иш ташташкан.

Айдоочулар жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүүнү суранып жатышат. Жол кире маселеси чечилгенге чейин шаар тургундарына кыйын кырдаал жаралды.

Борбор калаадагы коомдук транспорт маселеси боюнча 3-июнда парламенттин депутаттары да тынчсызданып, маселени чечүүнү Өкмөттөн талап кылышты.

Бишкек мэриясы жол кире маселеси чечилгенге чейин шаардыктарга акысыз автобус каттамдарын уюштуруп жатат: 

-Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги тарабынан берилген автобустар №100 каттамда жүргүнчү ташууда;

-«Алга» футболдук клубу берген 18 орундуу автобус жана Оптима Банктан берилген автобус шаардыктарды №214 багыты менен ташыйт;

-№240 маршрут менен Батыш автобекетинин жана «Мадина» базары тарабынан берилген эки автобус каттоодо;

-№211 багытта шаар тургундары берген автобус каттоодо;

-Ахунбаев көчөсү, Чүй, Манас проспектилери, Байтик Баатыр көчөсү аркылуу Данияр Өмүрзаков аттуу активист тарабынан берилген 4 автобус каттоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости