www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал чыңалган бойдон турат. Бул маалыматты бүгүн, 4-июнда эртең менен УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын буга чейин жүргүзгөн келишимдерин бузуп, 4-июнда саат 03:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган чек ара аймагында контейнерлерди орното баштаган», - деп айтылат расмий маалыматта.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан автомобилдер жана жеңил брондолгон техникаларда аскер кызматкерлери чогулуп жатканы байкалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости