www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурларда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атын жамынып алып, анын жакындарыбыз, кеңешчилерибиз же жардамчыларыбыз деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылган абийирсиз адамдар болуп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

"Мамлекет башчысы буга чейин эле мындай адамдар, керек болсо алар анын туугандары болсо дагы токтоосуз кармалышы керек деп билдиргендигин белгилейбиз. Ошондуктан, президенттин атын пайдалануу менен жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости