www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт: Тажик тарап келишимдерди бузду

Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Тажикстан тарап буга чейин жетишилген келишимдерди бузду деп айтылат.

Тажикстандын аскерлери делимитация жана демаркация процесси аяктаганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелеринде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө макулдашууларга карабастан, мурда жетишилген келишимдерди бузушкан.

2021-жылдын 4-майында саат 03.00дө Кыргызстандын аймагына миң метр кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орноткон.

Муну менен тажик тарап буга чейин жетишилген келишимдерди бузуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курчутту. Өкмөттүн билдирүүсүндө бул жакшы коңшулук жана достук мамилелерге туура келбей турганы айтылат.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев учурдагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган аймакка жөнөп кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости