www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу

Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу, деп билдирет УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мурда социалдык тармактарга жарыяланган өзбек чек арачылары кыргыз тарапты кесип өттү делген аймактарда инженердик жумуштарды жүргүзүп жаткан видеотасмага ылайык, төмөнкүдөй кабарлар келтирилген.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнүн Жийде-Бел тилкесинде делимитацияланган мамлекеттик чек аранын өтүүсү 2017-жылы 5-сентябрдагы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга ылайык аныкталып, КРнын 2017-жылдын 2-октябрындагы №173 мыйзамы менен ратификацияланган.

Белгиленгендей, аталган тилкеде өзбек тарап 2019-жылы кыргыз тарап орноткон тосмого катарлаш тосмо орнотуу боюнча инженердик иштерди жүргүзгөн.

Тараптардын чек ара өкүлчүлүгүнүн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча, ушул тилкеде инженердик иштер тараптардын компетенттүү органдары тарабынан мамлекеттик чек аранын өтүүсүн аныктаганга чейин убактылуу токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости