www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон районундагы №52 кесиптик лицейде чет өлкөдө жүргөн окуучуларга окуу жайды бүтүргөндүгү тууралуу аттестат жана дипломдор мыйзамсыз берилгени аныкталды.

Райондук прокуратуранын билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүсүнүн жүрүшүндө, 2024–2025-жылдары лицейдин жооптуу кызмат адамдары чет мамлекетте жүргөн 10 окуучуну окуу процессине катышкан катары көрсөтүп, тиешелүү документтерди жасалмалаганы аныкталган.

Анын негизинде аталган окуучуларга окуу жайды бүтүргөндүгүн тастыктаган аттестат жана дипломдор берилген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости