www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында эндик өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз чогултуп, сактап жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган.
Факт боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу чакырылып, жаран жана топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо үчүн өткөрүлүп берилди.
Мыйзам талаптарына ылайык, мыйзамсыз жыйналган өсүмдүк материалдары конфискацияланат. Ал эми мыйзам бузган жаранга Укук бузуулар кодексине ылайык айып пул салынышы мүмкүн.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эндик сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарынын бири экенин белгиледи. Кыргызстанда бул өсүмдүктү жыйноого мораторий киргизилген.
Эндиктин тамыры элдик жана салттуу медицинада колдонулат. Ошондой эле өсүмдүк тоо экосистемаларынын тең салмактуулугун сактоого жана топурактын эрозиясын алдын алууга жардам берет.