www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын сегиз айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тиешелүү кызматтары тарабынан өлкөнүн суу объектилеринде 206 рейд өткөрүлдү.
Рейддердин жүрүшүндө суу объектилеринен жалпы 101 миң 250 метр синтетикалык балык уулоочу тор жана 1 тонна 910 килограмм таштанды чыгарылды.
Анын ичинде Ысык-Көлдө 102 рейд өткөрүлүп, 40 миң 200 метр синтетикалык тор жана 940 килограмм таштанды алынган.
Токтогул суу сактагычында 60 рейддин жыйынтыгында 42 миң 250 метр синтетикалык тор жана 670 килограмм таштанды чыгарылды.
Соң-Көлдө 24 рейд өткөрүлүп, 15 миң 50 метр синтетикалык тор алынган.
Орто-Токой суу сактагычынан 200 метр, ал эми Киров суу сактагычынан 3 миң 550 метр синтетикалык тор чыгарылган.
Киров суу сактагычынан мындан тышкары 300 килограмм таштанды алынган.