www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Бекболот мырза, Ош аэропортун эл аралык стандартка ылайык келтириш үчүн акыркы жылдары бир топ каражат жумшалды эле. Бирок, жакында эле чатырынан тамчы тамып жатканы маалым болду. Ошондо “каражат жөн эле текке кеткен экен” деп айтсак болобу?

-- Аэропорттун чатыры эле эмес, баардык жеринде кемчиликтери кашкайып көзгө көрүнүп эле турат. Дааратканасын эле карап көрүп айтсак болот, аэропорттун курулуш иштери кандай деңгээлде болгонун. Дубалында, кафелдеринде, күтүү залындагы отургуч, эмеректеринде да көйгөй бар. Ал имаратка кирген адамга көрүнүп эле турат. Биринчи компанияга 78 млн. сом бөлүнүп, бирок ал келишим кайра бузулган экен.

Андан кийин да 3-4 компания иштеген. Күч органдары алар келтирген зыянды иликтеп, эсептеп, аларды тандаган жетекчилерден баштап, ошол тендерге катышкан компанияларга чейин бардыгы жоопкерчиликке тартылышы керек. Себеби, зыян келтирип атпайбы.

-- Эң кызыгы, ошол эле компания 2010-жылдагы каргашалуу окуялардан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекция ишке ашырган курулуштарга, шаар четиндеги айылдарды газдаштырууну, суу куурларын орнотууну ишке ашырууга да катышкан экен.

-- Алар курган имараттар азыр кандай абалда экени көрүнүп эле турат. Тендерди кайсы жеке ишкер кандай кылып утканын, ошол эле кишилердин жеке ЖЧКлары кандай гана курулуш болбосун тендерден утуп алганы боюнча Ош шаарыбыздын тургундары билет баарын.

Бирок, уткандан кийин ишти сапаттуу жасаш керек да. Имараттар курулуп бүткөн соң аларды кабыл алып жаткан комиссия каякты карап отурду? “Стандартка жооп берет” деп кабыл алышты да. Же биздин стандартыбыз төрт-беш эле айлыкпы, же бир жылдыкпы?

Жок дегенде 30-40 жыл кызмат кылышы керек эле го? Эмне үчүн акыркы төрт-беш жылда жаңы эле салынган үйлөрдөн жарака кетүүдө? Арматурасы начарбы, же цементиби?

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына 2007-2008-жылдары газ түтүкчөсүн тартуу иштери башталган эле, тилекке каршы, ушул күнгө чейин аягына чыкпай турат. Себеби, газ түтүкчөлөрү сапатсыз тартылганына байланыштуу. Карапайым эл дагы ошол убакта колдон келишинче акча каражатын топтоп бергени айтылууда.

Буга “Кыргызгаздын” Оштогу филиалы күнөөлүүбү, же акча бөлүп берген Бүткүл дүйнөлүк банк, же АРИС сыяктуу уюмдар күнөөлүүбү? Менин жеке пикиримде, акча бөлүп бергени үчүн АРИС программасы күнөөлүү болуп калабы? Эмне үчүн? Мен бул газ маселеси боюнча Ош прокуратурасына арыз менен кайрылган элем.

Азыркы күндө “күч органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, иш тергелип жатат” деп маалымат беришти. Күч органдары кандай чечим чыгарат деп карапайым эл күн санап күтүп жатат. Ошол эле Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына суу түтүкчөлөрүн тартуу дагы аябай сапатсыз болгон.

Балээнин баары өзүбүздө болуп жатпайбы. Газ боюнча да, суу боюнча да тендерди Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары, өзүбүздүн эле агалар уткан. Ошолордун кемчилигинен эле эки долбоор тең үзүлтүккө учурады.

“Айткандын оозу жаман” дегендей, ачуу чындыкты айтсаң, “көралбай жатасың” дешет. Кеп мен жөнүндө эмес да, кеп бюджеттен бөлүнгөн элдин акчасында болуп жатпайбы. Суу түтүкчөлөрүнүн сапаты начар экенине мен өзүм күбөмүн.

Басымды жүз пайыз кылып берсек, ага түтүк чыдабайт экен. Себеби, сапаты начар, жарылып кетет. Өз нугу боюнча гана коё бериш керек.

-- Эмне үчүн бардык долбоорлорду бир-эки эле компания ута берет?

-- Ушул эле суроону мен деле берип атам. Ошто алардан башка компания жокпу? Сапаттуу жасаса биз унчукпайт элек. Сапатсыз болуп атпайбы. Мен буга чейин Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында ЛИАЗ автобустардын тагдыры боюнча маселе көтөрдүм эле.

2017-жылы ар бирине 85 миң евродон сарптап, отуз чакты автобус алганбыз, жакшы тилек менен. Ал автобустардын сапаты аябай эле начар болуп калганы жанды кейитип жатат. Автобустардын көбү үч айдан кийин эле иштен чыккан.

Ондон ашууну азыр ремонтто турат. Мен шаардык кеңеш аркылуу документтерин алып, кызыгып да көрдүм. Айдоочулардын айтымында, кыймылдаткычында заводской брагы бар экен. Аларды сатып алууга кеткен 3,5 млн. евро мойнубузда карыз болуп илинип турат. 2025-жылга чейин төлөшүбүз керек.

Ал автобустар солярканы да көп керектеп, абаны да булгайт экен. Ошол убакта бул автобустарды кандай критерий менен тандап алышкан? Алганда “газ менен жүрөбү, солярка менен жүрөбү, күйүүчү майды канчалык чыгымдайт, экологияга зыяны канчалык?” деп, ушулардын баарын такташ керек эле да.

Бул жерде дагы ошол тендерди утуп алган “тендербайлардын”, тендерди өткөзгөн тийешелүү жетекчилердин маселесин карап, катуу чараларды көрүү зарыл болуп жатат.

-- Алар боюнча да эч кандай чара көрүлгөн жокпу?

-- Мен мэрден, вице-мэрден сураганда иш козголо элек болчу. Жакынкы сессияларда кайрадан маселе көтөрөбүз. Эмне үчүн элдин акчалары жөн эле асманга сапырылышы керек? Мен иликтеп көрсөм, сатып алуу боюнча мыйзамдарда да карама-каршы нерселер бар окшойт.

Айталы, мэрия автобустардын сапатын карап, пайдалануу мөөнөтүн карап, кымбатырагын сатып алышса, прокуратура, күч органдары “эмне үчүн арзан автобус турса кымбатын сатып алдыңар?” деп текшере баштайт экен.

“Арзандын сорпосу татыбайт” деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Сексен миңге алып, беш жылга жетпей бузулуп калгандан көрө, жүз миңге, жүз жыйырма миңге алып, көбүрөөк колдонгонубуз жакшы эмеспи?

Транспорт министрлиги ушулардын баарын анализдеп, багыт берип, көзөмөлгө алыш керек эле да?

-- Сенин бирөөгө зонтик көтөртүп түшкөн сүрөтүң социалдык тармактарда аябай чоң талкуу жаратты. Ал боюнча эмне түшүндүрмө бересиң?

-- Ал зонтик көтөрүп турган менин өзүмдүн иним. Парламенттик шайлоонун эң акыркы күнү болчу, жамгыр жаап ийгенинен улам артыман келип, зонтигин тосо койгон экен, аны мен байкабай деле калыпмын.

Ошону менин оппоненттерим, азыр Жогорку Кеңеште отурган, он жылдап тендерден утуп байыгандар сүрөткө тартып, “кара пиар” иретинде колдонуп жатышат. Бул эми алардын өздөрүнүн абийири. Мен аларга окшоп “тендербай” болуп, элдин акчасын жеген эмесмин.

Сүрөттө маселе жок. Маселе мен көтөргөн көйгөйлөрдө болуп жатат. Элди, адамдарды алдаш мүмкүн убактылуу, бирок төбөдө карап турган Кудайды кантип алдашат?

Булак: Азия News гезити

Последние новости