www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы айларда европалык өлкөлөрдүн экономикасын бир топ жагымсыз жагдайлар күтүп турат. Аны алдын алыш үчүн Батыш шашылыш чараларды көрүшү керектигин Financial Times жазды.
"Европанын ансыз дагы акырындык менен артка кетип бара жаткан экономикасы быйыл ири коркунучтарга туш болот. Ошол эле учурда Европанын Борбордук банкы евроаймактын экономикасына акчалай колдоо көрсөтүүнү токтотуп, пайыздык чендерди көтөрүшү керек", — деп айтылат макалада.
Май айында Европада инфляция 8,1 пайызга чейин өстү. Бирок европалык өлкөлөр үнөмдөөнүн ордуна Экономиканы калыбына келтирүү фондундагы 800 миллиард еврону пайдаланып салууну пландаштырууда.
"Азыр Европада товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр ого бетер кымбаттап бара жатат. Кийинки айларда киреше азаят. Мындай жагдай карапайым элге бир топ күч келтирет", — деген пикирде макаланын автору.
Батыш өлкөлөрү Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн. Мунун кээрин Батыш өзү да тартып, кесепети элди кыйнай баштады. Мисалы, электр энергиясы кымбаттап, инфляция өстү. Бул нерсе негизинен каржы секторуна жана жогорку технологиялык продуктуларды жеткирүүгө терс таасирин тийгизди.
Владимир Путин Орусияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатып жатканын айтып келет.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Буга чейин АКШ Конгресси Украинага жардам катары 33 миллиард доллар берүү чечимин кабыл алган. Анын ичинен 20,4 миллиарды аскердик жардам берүүгө жумшалары белгилүү болгон.
Ал эми Германия Украинага убада кылган Gepard зениттик куралдарын жеткире албай калганы айтылган. Буга снаряддын жетишсиздиги себеп болгон.
Булак: NazarNews.kg