www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаадагы Курманжан-датка менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жер алдындагы куур жарылып, андан атылган суу ошол маалда өтүп бара жаткан автоунааны аласалдырып кете жаздады. Окуянын видеосун "Короче" Тelegram каналы жарыялады.
Буга чейин "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы суу куурларын пландуу түрдө оңдоо иштери 13-июнга чейин жүргүзүлүп жатканын айтып, эскертүү берген.
"Бул нерсе пландуу түрдө жасалган сыноого байланыштуу. Ал туурасында алдын ала эскерткенбиз. Биздин бригадалар абалга көз салып турат. Эгер кандайдыр бир мүчүлүштүк аныкталса, бригада тилкедеги жылуулук тармагын ыкчам түрдө өчүрөт. Пландуу сыноолор жылытуу учурунда ушундай болуп суу атылбаш үчүн алдын ала кам көрүп жасалган иштер", — деп билдиришти "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын маалымат кызматынан.
Ишканадан автоунаа ээсине келтирилген зыяндын орду толтуруларын айтышты.
Булак: NazarNews.kg