www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстандын коомдук-саясый жана мекенчил уюмдардын кезектеги жыйынына коомдук-жарандык уюмдун өкүлдөрү, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер катышты. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик ишмер Дастан Сарыгулов, Эмилбек Каптагаев жана башкалар "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тез арада кылмыш иши козголушу керек" деген пикирин айтты.  

Жыйындын жүрүшүндө коомдук мамлекеттик ишмер Бекболот Талгарбеков, "Атамбаев сот бийлигинин сотторду тандоо комиссиясы аркылуу көзөмөлдөп сотторду көз каранды кылды. Ал мамлекеттик маанилүү кызматтарга татыксыз кадрларды коюп, 6 жыл бою Кыргызстандын канын соруп келди. Эми Атамбаев мамлекеттик бийликти жеке кызыкчылыгы үчүн пацдалангандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Бүгүн, Кыргызстандын элинин 90 % Атамбаев камалышы керек деген пикирде", - деди Талгарбеков.

Эске сала кетсек, КР коомдук-саясый  жана мекенчил уюмдарынын биринчи Курултайы 2018-жылы 24-ноябрда болуп өткөн. Бүгүн, 26-мартта ноябрь айында өткөн Курултайдын чечимдерин турмушка ашыруу боюнча аткаруу комитетинин V-конференциясы болуп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости