www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук ишмер, Бекболот Талгарбеков "Канткенде "чимкирик парламент" өзгөрүп, "тарыхый парламентке" айланат? деп АЗИЯnews гезитине маек берди.
--Сиз мурда таластыктар Көбөш атаган Алмазбек Атамбаевди «Кыргызга миң жылда бир келчү кырсык» деп айтып кеттиңиз эле. Ал өз сөзүндө «Сооронбай Жээнбеков көлдөй болуп мемиреп, тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты. Эми бул көлдөн көтөрүлгөн толкун Жээнбековдун өзүн да, анын түрү суук үй-бүлөлүк - кландык режимин да шыпыргыга кетери анык» деди. Атамбаевден дагы кандай иштерди күтсөк болот?
-- Мен «Апрель» телеканалына сүйлөп келдим. Ошол ойлорумдан бөлүшсөм болот. Жогорку Кеңеш карап,Атамбаевдин кол тиибестигин алып жатат. Ошону мен 1991-жылкы 31-августтагы эркиндикти алган күнгө теңештирип жатам. Себеби дегенде, кыргыз эли миң жылда бир келчү кырсык - Атамбаевден кутулганы турат. Кыргаз элине кайрылдым. "Боорсок бышырып, түлөө өткөрүп, Атамбаевден кутулганыбызга сүйүнүп, мындан ары жакшылык тилеп, эл арасында ынтымак болсо экен.
Эми өнүгүү жолуна түшөлү, чоң майрам, тиленүү кылалы» деп кайрылдым. Экинчиси, Атамбаев азыркы парламентти «Чимкирик парламент» деп атады эле. Мен деле ушундай ойдо болчумун. Ал парламенти Атамбаев өзү тузгөн. Эми алар башкача кадам жасап, тарыхта калганы турат. Эң биринчи парламентти «Легендарлуу парламент» деп атадык эле. Эгерде бул парламент Атамбаевден кутултушса «Тарыхий парламент» деп атамакмын. Себеби, «Атамбаевден кутултабыз» деп отуздан ашык саясатчы камалдык. Саруулуктар түрмөгө түштү. Биздин мажирөө прокурорубуз эч нерсе кыла албай койду. Ошондой ишти эми азыркы ЖКнын депутатгары жасаганы турат.
-Акыркы кадамдарына көз карашыңыз?
-- Атамбаевдин азыркы кылып жаткан иштеринен майнап чыкпайт. Ал өзүнүн деңгээлин көрсөтүп жатат. Көрпенделигин көрсөтүүдө. Ал мыйзамды тебелегенинен майнап сыкпайт.
Булак: Жамиля Муратова, АЗИЯnews