www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бекешев: «Саясатчылар жоопкерчиликтен качып жатат»

Саясатчылар жоопкерчиликти алгысы келбейт, ошондуктан алар бардыгын карапайым элге оодарып жатышат. Бул тууралуу кечээ, 3-декабрда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Ал мындай референдумга каршы чыкты.

«Эртең, төңкөрүш болуп кетсе, саясатчылар эл ушундай чечти деп айтышат. Эмне үчүн эл туура эмес түшүнүшөт? Бул парламентаризм эмес болчу, жада калса жытын жыттаган жокпуз. Саясатчылар жоопкерчиликти алып, чечим кабыл алышы керек. Тарыхты карасаңар, көптөгөн өлкөлөрдө алар падишахтар менен күрөшүп, парламентаризмге жетишкен, тескерисинче, бизде бир падишах болушун каалайбыз.

Эми референдум өтөт, эл президенттик башкаруунун формасын тандайт, эртең төңкөрүш болуп кетсе, эл ушундай чечим кабыл алган деп айтышат. Саясатчылар жоопкерчиликти алып, чечим кабыл алышы керек», – деди Бекешев.

Анын айтымында, айрымдар парламентти «120 хан»,  деп жаңылыш ойлоп, бийликте 1 гана адам болушун талап кылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости