www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо шааниси башталып, талапкерлердин саны күн санап арбып, саясат кызыгына кирип бара жаткан кез. Өзгөрүүнү, жаңы жашоону, реформаларды каалап, өткөн жылы төңкөрүш жасалды. «Былтыркы шайлоодо кетирилген каталар, кемчиликтер быйыл кайрадан кайталанбайбы?» деген суроо менен жарандык активист Бектемир Төлөн уулуна суроо узаттык.
- Мурунку шайлоолордо кетирилген мүчүлүштүктөрдүн, катачылыктардын, одоно мыйзам бузуулардын көпчүлүгү босогодо турган парламенттик шайлоодо да сөзсүз кайталанат деп ишенимдүү айта алам.
Ага бир гана бийлик башындагыларды күнөөлөө - жаңылыштык. Бизде шайлоо (тандоо) маданияты калыптана элек. Мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринин дээрлик бардыгы «мамлекеттик кызматта иштегенден кийин биз сөзсүз азыркы бийлик каалаган тараптардын парламентке келишине салым кошуу менен бийликке колдоо көрсөтүүбүз керек» деп ойлойт.
Башка карапайым элди алар «атаандаш команда» катары көрөт. Мисалы, эң жогорку кызматты ээлегендерден бир адам келип, мамлекеттик кызматкерлердин жетекчилерине «шайлоону таза, мыйзам бузуусу жок өткөргөнгө жардам бергиле» деп айтып эле койсо, анда мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин 100% «биз каалаган тараптын өтүүсүн камсыз кылышыңар керек, болбосо жаман болот» деген маңызда түшүнөт.
Бир дагы мамлекеттик ишкананын жетекчиси (алтургай жөнөкөй мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү) шайлоонун идеалдуу түрдө өтүүсүнө кызыкдар эмес. Буга чейинки шайлоолордо бийлик үчүн жанталашып, одоно мыйзам бузууларга чейин барган «ляппайчылардын» бири да сот жообуна тартылып, мыйзамдуу жаза алган эмес.
Демек, ар бир мамлекеттик кызматкер «эгерде бийликтин каалаган тарабын парламентке алып келүү максатта кандай гана мыйзам бузууларга барбайын, баары бир мени бийлик жазалабайт» деген бекем ишеничте. Алтургай кээ бири «ушул аракетим менен бийликтин көзүнө көрүнүп калсам, кызматтан жогорулашым мүмкүн» дегендер да жок эмес. Мисалы, азыркы шайлоодо ажо да, башка таасирдүү төбөлдөр да бир алыскы өлкөгө бир нече аптага эс алууга кетип калса деле шайлоо ыплас болот.
Себеби, мен жазган бийликтин «ляппайчылары» кашык каны калганча бийликтин партиясын, бийликчил талапкердин эң көп добушка ээ болуусун камсыздоо үчүн күрөшөт, аны ачык да, жашыруун да айтат. Анткени, система ушундай болуп калган. Бизде тандоо маданияты калыптанмайынча, ар бир мамлекеттик кызматкер таза шайлоо өтүүсүн кааламайынча, мурунку кездегидей ыплас шайлоонун болгону болгон.
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн баарынын мээсине айыл өкмөт башчысы, аким, губернатор ж.б. «кожоюн» катары орноп, сиңип калган. Мына кептин баары кайсы жакта...
Булак: Азия News гезити