www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде Саламаттык сактоо министрлиги жана фармацевтикалык компаниялардын коррупциясына байланыштуу өлкөдө териштирилип жаткан чуулгандуу иштер боюнча комментарий берди.

“Мен министр болуп келгенден баштап, фармацевтикалык тармактагы коррупцияны жок кылууга көп аракет кылдым. Азыр УКМКда териштирилип жаткан жана парламентте көтөрүлүп келген иш - мен келгенге чейин эле болгон. Мен министр болуп келгенде ушул тармакка жаңы жетекчи дайындап, өткөн иштер болбосун деп талап кылдым. Мурда фармкомпаниялар дарыларын алып келишчү, алар чогуу бизнес кылышчу, азыр андайлар жок”, - деди министр.

Ал - учурда социалдык аптекалар ачылып, анда майыптар жана пенсионерлер дарыларды 40 пайызга чейин жеңилдетүү менен ала алаарын белгиледи. “Азыр дарылардын баасын түшүрүү боюнча механизм иштелип жатат”, - деп кошумчалады Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости