www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо боюнча абалды талкуулоо үчүн мекемелер аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевдик бизнестин өкүлдөрү катышты, деп билдирет Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Жолугушуу жүрүшүндө ишкерлер менен конструктивдүү диалог болуп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды, ал эми Ташиев дары-дармектин баасына, фармацевдик бизнестин маселелерине, анын ичинде медикамент аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына өзгөчө басым жасады.

Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, маанилүү дары-дармектердин баасы боюнча чайкоочулукка жол бербөө максатында натыйжалуу чараларды иштеп чыгуунун алкагында, мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткаруу мөөнөтү белгиленген конкреттүү тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости