www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айгүл Жапарованын «Үмүт булагы» фонду маршруткачылар иш таштаганда шаардыктарды бекер ташуу үчүн 20 автобус сунуштаган.
Ошол 20 автобус «Шыдыр жол» компаниясынан ижарага алынгандыгын «Үмүт булагы» фонду Kaktus.media'нын редакциясына тастыктады. Бирок кандай шартта алганын жана ижарасына канча төлөгөнүн коммерциялык сырга шылтап айткан эмес.
«Шыдыр жол КG» компаниясын Оргалча Токтобүбү жетектейт, ал Кытайдын жараны. Кыргыз тилдүү ЖМКларда аны Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулу менен байланыштырышат. Ал дагы Кытайда туулуп-өскөн.
«Шыдыр жол» фирмасынын өкүлү Нургазы Балтабаев Оргалча Токтобүбүнүн жолдошу. Адыл Жунус уулун Садыр Жапаров досу деп атаганын жана экөө биргеликте Бишкек шаарында Ибраимов көчөсү, 100 дареги боюнча көп кабатту үй курганын 6-январда президенттикке талапкер жана «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев айткан.
Кадастр кызматы бул объект 2019-жылдан бери Адыл Жунус уулунун келинчеги Туран Турсун кызына катталган деген маалымат берди. Учурда Ибраимов көчөсү, 100 дареги боюнча биринчи айымдын «Үмүт булагы» фондунун кеңсеси жайгашкан.
«Шыдыр жол» жана октябрь окуялары
Бул - «Шыдыр жол КG» фирмасынын Жапаровдор менен алгачкы кызматташуусу эмес. Октябрь окуялары учурунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташууга макул болуп, ошондо эле көпчүлүккө таанымал болуп калган. «Шыдыр ;олдун» автобустарын Эски аянттан, «Ак-Кеме» жана «Ысык-Көл» мейманканаларынын жанынан көп эле байкашкан.
Булак: NazarNews.kg