www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бектур Асанов ачкачылык жарыялады

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бектур Асанов 27-ноябрдан тартып мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу ал 26-ноябрда басма сөз жыйынында кабарлады. Мындай кадамынын себебин өзүнүн сот иштери улам жылдырылып жатканы менен байланыштырды.

«Мага 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку сотто кайра каралышы керек эле. Бирок «соттук коллегиянын курамы толук эмес» деген негиз менен отурумду 10-декабрга жылдырышты. Бул саясий буйруктун негизинде, мени президенттик шайлоого катыштырбоо максатында, атайын жасалып жатат»,- деди Бектур Асанов.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-ноябрда Бектур Асановду «соттолгон» деген негиз менен президенттик жарыштан четтеткен.

Бектур Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда саясатчылар Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков менен кошо «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык карап, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда 12-февралда эркиндикке чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости