www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусия бийлиги 30 миңдей адамды камакка алды

Беларусияда 9-августта болуп өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун жеңүүчү деп жарыяланышынан кийин  массалык нааразычылык акциялары уланууда. 16-ноябрдан 21-ноябрга чейин Беларусияда саясий себептерден улам 59 адам кармалып,  нааразычылык акциялары учурунда камакка алынгандардын жалпы саны 29 миң 940ка жеткендигин «Весна» укук коргоо борборунун эсептөөлөрүнө таянуу менен «Наша Нива» гезити жазды.

Маалыматка ылайык, 523 беларусиялык сот жообуна тартылып жатат. Алардын арасында шайлоого катышууга уруксат берилбеген Сергей Тихановский менен Виктор Бабарико, ошондой эле журналисттер Екатерина Борисевич жана Екатерина Андреева бар.

Президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановская жарандарды 22-ноябрда нааразычылык акциясына чыгууга чакырды. «Мен эртең өз каалоосу менен өз короосуна чыгып, туулуп өскөн районун кыдыргандардын бардыгын колдойм. Ар бир кадам эркин жана адилеттүү Беларусияга алып барат«, — деп жазган ал «Телеграм» каналында.

Ошол эле учурда Тихановская дагы бир жолу ОМОНду жана Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгын «террордук уюмдар» деп атады. Ошондой эле алардын «Беларусиянын баардык шаарына, ар бир үйгө кирүүгө жетиштүү күч-кубаты жоктугун» баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости