www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинага бир да белорус жоокери жана бир дагы техника жиберилген эмес. Бул тууралуу бейшемби күнү, 22-сентябрда Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей билдирди.

«ЕККУнун (ОБСЕ) көз карандысыз эксперттери Беларус эл аралык укуктун нормаларына жана принциптерине ылайык эл аралык куралдуу кагылышуунун катышуучусу эмес экенин тастыкташат. Батыштын Беларуска карата бардык айыптоолору таптакыр негизсиз», - деди ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча министрлер жыйынында сүйлөп жатып.

Макей ошондой эле Беларус Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу болууну каалай турганын жана алардын уланышына, анын ичинде Беларустун аймагында да жардам берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости