www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев келет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майда “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алар мындан ары партиясынын күчүн бекемдеп, шайлоого даярдык көрө турганын айтышкан.

Партиянын кийинки тизмесиндеги талапкерлерге мандат берүү маселесин БШК эртең, 14-майда, карайт.

Белгилей кетек, Шаршенбек Абдыкеримов учурда Улуттук олимпиада комитетинин башчысы. Ага удаа эле Күрөш федерациясын дагы жетектейт. Ошондой эле ал өлкөдөгү ири ишкер катары таанымал.

Ал эми Жаныбек Жоробаев мурда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун орун басары болуп иштеген. Салык кызматынын Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирти бар продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгын жетектеген.

Булак: NazarNews.org

Последние новости