www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-майда, Кыргызстандын Жогорку Сотунда адвокаттардын кассациялык даттануусу боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Соттор Азимжан Аскаровду сот залында угуудан баш тартышты

Соттордун айтымында, Аскаров буга чейин өзүнүн пикирин жана жүйөөлөрүн өз пайдасына жазып, өзүнүн ордуна адвокаттар менен укук коргоочулар сотко келүүгө макул болгонун билдирген.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегиясы мыйзамдуулукка жана мурунку сотторго баа берет. Андыктан соттолгон Аскаровду сот залына жеткирүүнүн кажети жоктугуна байланыштуу адвокаттардын кайрылуусун четке кагышты.

Эске салсак, Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган жана адам укуктары менен алектенген. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин ал башаламандыкты уюштурган жана милиция кызматкеринин өлүмүнө катышкан деген шек менен кармалган. Бардык инстанциялардагы соттордун чечими боюнча ал 2010-жылдын июнь окуяларында башаламандык уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. 2016-жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кароого чакырган. Кийинчерээк бул иш Чүй облустук соту тарабынан каралып, 2017-жылдын 24-январындагы чечим менен өмүр бою абак жазасына кесилген.

Буга чейин Жогорку Сотто Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын кароого байланыштуу сот имаратынын алдында каза болгон маркумдардын жыйырма чакты туугандары Аскаровдун бошотулушуна каршы экендиктерин билдиришкен.

Булак: NazarNews.org

Последние новости