www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эркингүл Иманкожоева айрым жагдайлар боюнча маек курду.

--Эркингүл эже, коменданттык саат туура эле алындыбы?

--Биринчиден, элдин ден-соолугу үчүн коменданттык саат алынганы менен карантинди толук алышкан жок. Экинчиден, бардык ишканалар иштебей экономика артка кетти. Иштин токтоп калганынан тамак-аштан кыйналгандардын саны көбөйө баштады. Негизи майдын аягына чейин крантинди, коменданттык саатты албай койо  туурса деле болмок. Бирок, ага эл чыдабай калды. Бийлик коменданттык саатты алганы менен көзөмөлдү колдон чыгарбайт деп ишенгим келет. Азырынча баары көзөмөлдө деп ишендирип жатышат. Эми ар ким өзүнө жооптуу болуп, маска кийип,  жеке тазалыкты сакташы зарыл.

--Чек ара маселесин өкмөт эптей албасы баарыбызга маалым болуп калды. Ал маселеге президент кийлигишиши  керекпи?

--Чынында чек ара маселеси чечилбей жатканы чек арага чектеш жашаган элди түйшүккө салды. Ошон үчүн өкмөт чечет деп отура бербей  эки мамлекеттин башчылары отуруп,  сүйлөшүп чечсе жакшы болот эле. Убактылуу маселе чечилгиче чек араны жаба турса деле  болмок.

--Тажиктер акыркы убакта кыргыздарга тиешелүү жерлерди ээлеп алуу үчүн чек арада атайылап чыр чыгарып  жатат деген пикирлер бар. Бул боюнча кандай ойдосуз?

--Негизи союз убагындагы карталар, далилдер бар.  Бирок, ошого карабай акыркы мезгилде  тажик тарап кыргыздарга тийиштүү көп жерди кошуп алууга аракет жасап жатканы көрүнүп эле турат! Алардын кыргыздарга таандык жерлерди ээлеп алуу  аракеттерине кыргыз мамлекети жол бербеши керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости