www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңеште Өкмөттүн 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгын кароо маалында депутат Руслан Казакбаев Кыргызстанга инвестиция тартуу маселесине токтолду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Депутат Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында республикага инвестиция тартуу боюнча агенттик түзүү сунушун берди. Муну менен катар инвесторлор үчүн өлкөдөгү туруктуулук маселеси өтө маанилүү экенин айткан Руслан Казакбаев, чет өлкөдөгү элчиликтер бул жаатта жигердүү иш алып барышы керектигин кошумчалады.   

Ал эми Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элчиликтер менен жыйын өткөрүлгөнүн, аларга өлкөгө инвестиция тартуу боюнча тапшырма берилгенин маалымдады.

Булак: NazarNews.org

Последние новости