www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош окуясы боюнча, Садыр Жапаров УКМКга кылмыш ишин козгогула, тез аранын ичинде иликтегиле деген эле. Эмне себептен ушул маселе боюнча "ооз" ачпай жатасыңар? – деди белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова. Ага кошумча, “Орхан Инанды окутуучу жөнүндөгү окуя, албетте мамлекетибизге аброй алып келбейт...кандай болгон чакта дагы, абдан өкүнүчтүү”, деп кошумчалап, ЖКнын депутаттарына Ош жана Баткен окуясы тууралуу Кайрылуу жасады.

Урматтуу мекендештер, мен бүгүн коллегаларым, КР ЖКнин депутаттарына суроо берүүнү чечтим. Урматтуу депутаттар, эмне себептен "улуттук трагедия" болгон, апрель, Ош, Баткен окуялары боюнча маселени көтөрүп, бийликтин "кабыргасынан" бекем кармап күнөөлүлөрдү жоопко тартууну талап кылбай жатасыңар?

Үч окуядан миңдеген жарандарыбыз каза болуп, бүгүнкү күнгө дейри "акыйкат" орнолбой келет.

Ош окуясы боюнча, Садыр Жапаров УКМКга кылмыш ишин козгогула, тез аранын ичинде иликтегиле деген эле. Эмне себептен ушул маселе боюнча "ооз" ачпай жатасыңар?

Баткендеги согушта жабыр тарткандардын абалы жөнүндө, эмне үчүн ЖКте карабайсыңар?...

Эгерде, Жогорку Кеңеш ар бир маселеде тегиз, адилет, акыйкат мамиле жасайбыз десеңер, анда урматтуу коллегалар, депутаттар биринчи иретте болуп өткөн "улуттук трагедияны" карап чыккыла. Юридикалык баа берүүнү талап кылгыла. Күнөөлүлөр жазасын алышсын. Дагы бир жолу кайталап коёюн, "шейит кеткендердин арбактары ыраазы болмой сайын, биздин ишибиз алга жылбайт", - деди Жылдызкан Жолдошова.

Эске сала кетсек, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова учурдагы бийликке сын-пикир айытп келе жаткан саясатчылардын алдыңкы сабында. Ал бир нече жолу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге социалдык тармак аркылуу пикирин билдирип келүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости