www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовдун жарытылуу ишин байкай элекпиз. Былтыртан берки пандемияга байланыштуу бул тармак ансыз да кризиске кабылып калган чакта, акыбал өтө оор экенин айтпасак да түшүнүктүү. Мындай шартта министр көрүнүктүү кандай аракетте, демилгеси барбы? Өздүк булагыбыз билдиргендей, Болотбек Кулешов иштеп жаткандай түр көрсөтүп, жөн эле убакытты текке кетирип жатканын, натыйжалуу реформа баштаганга шаасы жетпегенин билдирүүдө.

«Эки чылбыр бир тизгинди» алганда эле атка кандай отурганы байкалат эмеспи. Каарманыбыз» ээрге кыйшык конуп, буга чейин талкаланып келген билим берүү системасып ого бетер жерге тебелеп, басып кете турган караанга айланабы?

Айтмакчы, илгери мектептин директору, аким, губернатордун орун басары кызматтарын аркалаган чиновник көп жылдар бою жумушсуз жүрүп, көз карашы, жаратмандык дарамети солгундап калганы, эч кандай маселени чече албасы азыртан бааланууда. «Аңгектен качсак дөңгөккө дегендей, мурдагы министрди сындап жатып, эми андан төмөн деңгээлдеги көрүнүшкө кабылганыбыз жалпы элибиздин шорубу?

Булак: Азия News гезити

Последние новости