www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна маек берип, келерки жылкы шайлоого сүйлөшүүлөр жүрө баштаганын, шайлоого барышарын белгилеп айтып кетти. «Бир Бол» фракциясы, алардын кадрлары бүгүн кандай иш алып барып жатат? Экс-президент Атамбаев кечээ парламенттеги депутаттардын көпчүлүгү «чимкирик» депутаттар деп белгилеп кетти. Алардын арасында, албетте, «Бир Болдун»да депутаттары болсо керек. Алар эртең кайра кайтып келишеби?» ж.б. суроолор менен эксперттерге кайрылып көрдүк.
Турат АКИМОВ, журналист:
- Эгерде президенттин ыктыярдыгы менен мыйзам талаасы, мыйзам мейкини өзгөрбөсө, анда ушул парламент эмки жылы сентябрь айында тарап, октябрдын ортосунда кайра эле бийликке кайтып келишет. Бүгүнкү күндө капитализм, акчасы бар адамдар гана шайлана алат. Ошондуктан, кыргыз элинде өзүнүн арасынан мекенчилдерди тандабай, жалаң байларды таңдамай болуп калды. Саясый күчтөр дагы акчасы болсо өнүгөт, акчасы жок болсо өнүкпөйт. Же болбосо Армениядай, Грузиядай революцияга барыш керек. Кыргызстанда эки жолу революция болду, бирок өлбөс-өчпөс мафия кайра эле бийликке отуруп калды. Ошондуктан биздин эл байлардын оозун караган кулдук сезимден кутулбай, өздөрүнүн ичинен эч кимди көтөрбөй, көралбай, жамандап, кайра эле байларга кулдук урат. Кайра эле Атамбаев билип-билбей айткан «чимкирик» депутаттар кайтып келет.
Булак: “АЗИЯnews”