www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына Х.М. аттуу жаран жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылган. Арызында ал 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын февраль айына чейинки мезгилде У.Т. аттуу жаран ишенимге кирип, алдамчылык жол менен М. Горький көчөсүндө жайгашкан «Нова Сити» турак жай комплексинен батир сатып беребиз деген шылтоо менен андан 284 267 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып, ушул күнгө чейин кайтарып берген эмес.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

2026-жылдын 12-февралында Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери аталган кылмышты жасоого шектелип, 1980-жылы туулган У.Т. аттуу жаранды кармашкан. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда шектүүнүн ушуга окшош башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда.

Последние новости