www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти өлкө аймагындагы курулуш объектилеринин санитардык абалы, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү, ошондой эле курулуш талаптарынын атарылышы боюнча үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүдө.
Анын алкагында Чүй регионалдык мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун аймагында жайгашкан курулуш объектилериндеги санитардык абал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, бир катар эскертүүлөр берилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш техникаларынын дөңгөлөктөрүн жуу пункттары жана алардын иштөөсү, убактылуу кирүү жолдорунун талапка ылайык уюштурулушу, ошондой эле топурактын жана курулуш материалдарынын жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыгарбоо боюнча белгиленген талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду. Көрсөтүлгөн чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана калктуу конуштардын санитардык абалын сактоого багытталган.
Чүй регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы көзөмөл иш-чараларын туруктуу негизде улантат. Ошондой эле курулуш процессинин бардык катышуучуларын курулуш талаптарын, эрежелерин сактоо жана бекитилген долбоордук документтердин негизинде иш жүргүзүү зарылдыгын эскертет.