www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда эне жана бала Улуттук борборунун нефрологу, 18-февралда кармалган дарыгер Назира Бейшебаванын бөгөт чарасы каралып, сот аны үй камагына чыгарды.
Бишкек шаардык милициясы дарыгерди 18-февралда кармап, ага каршы Кылмыш-Жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кылмыш ишин козгогон.
Буга Бишкектин тургуну Зульфия Стамкулованын жазган арызы негиз болгон. Анда Стамкулова 2024-жылы дарыгер Бейшебаева кызын туура эмес дарылагандыктан, өспүрүм бир бутунан тизесине чейин ажыраганын белгилеген.
Жыйынтыгында, Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы тергөө аяктаганга чейин Бейшебаеваны үй камагына чыгарды.
Дарыгердин адвокаты Евгения Крапивина дарыгердин бул окуяда күнөөсү жоктугун, анын бардык аракеттери дарылоо протоколуна ылайык жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Сот отурумунун алдында Улуттук эне жана баланы коргоо борбордук кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылып, ишти ар тараптуу жана адилет кароону өтүнгөн кайрылуу жасаган. Алар дарыгерлерге басым-кысымды токтотууну белгилеген.