www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде 8-класстын окуучусун зордуктоо жана өлтүрүү боюнча сот өкүмү чыкты.
Кадамжай райондук соту эки айыпталуучу - Б.уулу Э. жана Г.Д.Иге карата өкүм чыгарды.
7-февралда Б уулу Э. өкүм чыккан. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 122 (2-бөлүк), 154 (2-бөлүк), 155 (2-бөлүк), 165 (2-бөлүк) беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 108-беренесинин 3-бөлүгү менен Б.уулу Э.10 жылга эркинен ажыратылды.
28-февралда сот экинчи айыпталуучу Г.Д.Иге карата өкүм чыгарып, ал дагы бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Эске сала кетсек, 2022-жылдын 4-сентябрында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда 14 жаштагы окуучу кыздын жансыз денеси табылган. Аны биринчи зордуктап, кылмышты жашыруу үчүн өлтүрүрүп салышкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 4 шектүү кармалган. Алардын бири өспүрүм. Декабрь айында шектүүлөрдүн экөөсү убактылуу кармоочу жайда өзүн өзү өлтүрүшкөнү маалым болгон.
Булак: NazarNews.kg