www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина жеңди, жеңет деп кыйкыруу ал русофобдордун эле кыялы. Мындай пикирин белгилүү журналист Сабырбек Муканбетов билдирди.

Орусия алсыз экен, Украинаны үч күндө басып алабыз дешип ала алган жок. Ала албайт! Украина жеңет, жеңди - деп аткандар да бар.

Орусия баштаган СВОнун максаты демилитаризация, денацификация. Үч күндө басып алабыз деп Орус бийлиги айткан эмес, ал журналистердин, коомчулуктун сөзү. Орусия АКШнын Иракка сокку уруусундай ковровый бомбардировка жасабайт, себеби Украина элин кыруу максаты эмес. 

Ошон үчүн алар шаарлардын "спальный" райондорун аткылабай "критический" инфраструктураларын гана согуп атат. А ВСУ американын ыкмасын колдонуп, аскер жок шаарларды аткылап жөнөкөй жарандар жабыркоодо.

Болбосо оор бомбадан төрттү таштаганда эле Киев, Лвовь сыяктуу шаарлар жок болот эле да. Орустар аны жасабайт, бейкүнөө жөн жарандарды өлтүрүү максат эмес. 

Максат демилитаризация - куралсыздандыруу - дээрлик ишке ашты. Украинанын армиясынын советтен калган аскердик техникалары талкаланып бүттү. Варшава келишимине кирген өлкөлөрдөгү советтен калган техниканы чогултуп келип, ал да талкаланып бүттү. Эми НАТО стандартындагы куралдарды ташып келип согушуп жатышат. 

Европа "өзүбүздө жок болуп атса кантип беребиз" - дешип 17 танканы бере албай ыйлап атат. Зеф16, суу астында сүзүүчү кеме сурап жүрөт. Орус фронтту стабилдештирип алды. 

ВСУнун контратакалары эч жыйынтык бербей күздөн бери бир да айылды бошотуп ала алган жок. Орустар болсо батыштын куралын алып келе берсин аларды да өрттөп салабыз деп турат. 

Украина жеңди, жеңет деп кыйкыруу ал русофобдордун эле кыялы. Орустар денацификацияны бүтүрмөйүн СВОну токтотпойт. Азов, Айдар, "Правый сектор" ж.б. неонацистик формированиелер толук жок кылынып, калганы соттолуп Украина өзү аларды запрет кылып, эч кандай аскердик блокко кирбей турган нейтралдуу болуу убадасын бергенде гана бул тирешүү токтошу мүмкүн. 

Орус экономикасы кыйраган жок, изоляция да кыла алышпады, тамак аш, башка ресурстар менен өзүн толук камсыздай алат. ВПК 24/7 тынбай иштеп атат. Запас прочности он жыл деп эксперттер бекер айткан жок. 

Күнү-түнү орустун өлүмүн тилеп аткандар, бул жоо оруска эле келген жок, сага да келди, орус кыйраса АКШга каршы туруштук бере турган башка күч жок, бүт дүйнө жүзү Англосакстарга кул болот. А алар кулдарга кандай мамиле кылганын таарыхтан окуп алсаңар болот!

P.S: Жакынкы убактарда журналист Сабырбек Муканбетовдун NazarNews маалымат агенттигине берген маегине күбө боло аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости