www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасындагы пара талап кылган, коомдун алдында милиция кызматкерлеринин аброюуна шек келтирип, мыйзамды бузган кызматкерлерден тазалоо иштерин улантып жатат.
2018-жылдын 16-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы А.Б жана И.Ш. аттуу жарандардын арызы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнин «Урмат» аттуу кызматкери менен башка милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын аймагында катталган уурулук фактысын жабуу үчүн арыздануучулардан 300 АКШ долларын сураган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун (пара опузалап талап кылуу) жана 305-беренесинин 1-бөлүмүнүн (кызматын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 21-февраль күнү болжол менен саат 15:30 чамаларында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында «Айчүрөк» соода борборунун чыгыш эшигинен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнин кызматкери, милициянын лейтенанты 29 жаштагы А.У. аттуу 15 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө башкы башкармалыгына тергөө иштерин улантуу үчүн жеткирилди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы иликтөө иштерин баштады деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости