www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБи газга өтсө, жылуулук эки эсе кымбаттайт

Бишкек ЖЭБи техникалык жактан газга өтүүгө даяр. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн тапшырмасы менен «Электр станциялары» ЖЭБди газга өткөрүү боюнча маселенин үстүндө иштеп жатат. ЖЭБдин үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн болгону Кыргызстанга газ туруктуу жана керектүү көлөмдө келип турганы жетиштүү.

«Алдын ала эсептөөлөргө караганда, бул нерсе продукциянын (жылытуу, ысык суу, электр жарыгы, буу) эки эсе кымбатташына алып келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Компания Бишкек ЖЭБдин мындан кийинки тариф саясатын жүргүзүү жана газга жеңилдетилген бааны коюу үчүн мэриянын балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости