www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМК тарабынан органдардын ишиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдары тарабынан туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулган.
Такталгандай, аталган жооптуу кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы акчанын пара түрүндө алууну такай уюштуруп келишкендиги аныкталды.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору «Д.Ш.С.» кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган Д.Ш.С. мыйзамсыз иштери кылганыдгы боюнча маалыматтар алынган.
Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралары көрүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg