www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара дуба деген эмне? Бул тууралуу маекти парапсихолог Лариса Асанбекова төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

– Жакшы жашагың келсе, Кудайдын 7 мыйзамын аткар. Албетте, ар бир адамдын максаты бай болуп, чың ден соолукта бактылуу жашоо. Бирок баардык эле адам тилеген тилегине, көздөгөн максатына жете алабы? Максатка жетүүгө ким же эмне тоскоол болот? Оору деген эмне жана ал кайдан пайда болот? Эмне себептен жакшы эле иштеп жүрүп, бир күнү эле иш токтоп, кандай аракет жасабасын иши жүрбөй калат?  “Аураң бузулуптур, кара дубаң бар экен (порча), көз тийиптир, сөз тийиптир, назар түшүптүр, каргышың бар экен...” – деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

Мына ушундай толгон-токой суроо менен мага кайрылгандар көп. Албетте, мага кайрылган адамдардын баарынын суроолоруна жооп берип, илимий көз караш менен ийне жибине чейин түшүндүрүп, кандай көйгөй менен кайрылган болсо ошол көйгөйдү чечүүгө, ден соолугун калыбына келтирүүгө жардам беремин.

Эң башкысы, мага кайрылган адам ошол көйгөй же оору эмне себептен келип чыкканын түшүнүп, тагдырына, ден соолугуна өзүнөн башка бир дагы жан жооптуу эмес экенин билиши керек.

Эмесе окурмандар, кызыгып сураган суроолор, (порча же кара дуба) аура бузулуу, көз тийүү, каргыш деген барбы? Эгерде бар болсо андан кантип сактанууга болот? – деген сыяктуу суроолордун ар бирине токтолуп, четинен түшүндүрүп берүүгө аракет кылайын.

Ооба, жогоруда аталгандардын баары бар экени чындык жана адамдын ден соолугуна, тагдырына терс таасирин тийгизип турат. Бирок, кара дуба жасап, башка бирөөнүн аурасын бузуу бардык эле көзү ачык же дубакөйлөрдүн колунан келе бербейт. Кара дуба жасаш үчүн атайын маг, колдун, ведьмалар магиялык риуталдарды колдонуу менен башка адамдын биоталаасына кара дубаны киргизип жасашат.

Ал эми сөз тийүү же каргыш эч кандай ритуалсыз эле күчтүү эмоция менен ачууланып, урушкан кезде экинчи адамдын энергия талаасын тешип кирип кетет. Көз тийүү дагы эч бир атайын даярдыкты же ритуалды талап кылбайт.

Жан дүйнө энергиясы терс адам, күчтүү эмоция менен экинчи бирөөгө суктанып же ичи тардык менен мактап койсо, экинчи адамдын энергиясы алсыз болсо, терс энергиялуу адамдын суктануу менен айткандары экинчи адамдын биоталаасын тешип кетет. Эмне үчүн “көз тийүү” деп аталат. Себеби, кедээ эч кандай сөз айтпай туруп эле, экинчи адамды жек көрүп же суктанып карап коюу деле жетиштүү болот. Көздөн чыккан энергия өтө күчтүү келет. Көздүн энергиясы менен адамды өлтүрүп коюуга же тескересинче көздүн энергиясы менен башка адамды сакайтып койсо болот. Көздүн энергиясынын күчтүү же алсыз болушу ошол адамдын ички энергиясына жараша болот.

– Кара дуба жасагандардын тагдыры кандай болот?

– Эгерде ооруган адам кара дубаны кайтарып тазаланса, кара дуба жасаган адамдын өзүнө кайтат.

(Уландысы бар)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости