www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин пенсионери, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана кол күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Чынтемир Аширалиевдин сот отуруму болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, бул сот отурум ачык режимде өтүп жаткан экинчи отурум. 

Эске салсак, 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев 16-февралга караган түнү 5-кичирайондо үч адамды мыкаачылык менен адам өлтүргөн. Көп кабаттуу үйдүн батиринен борбор калаанын тургунунун жана анын эки жашы жете элек баласы - 2005-жылы туулган кыз менен 2016-жылы туулган баланын жансыз денелери табылган.

Бир күндөн кийин Аширалиев милиция кызматкерлери тарабынан өз үйүнөн кармалган. Тергөө дээрлик 4 айга созулуп, июнь айынын башында кылмыш ишинин материалдары Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Аширалиев үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынып, 2021-жылга чейин иштеген. Андан кийин Аширалиев пенсияга укук берген эмгек стажына байланыштуу аскердик кызматтан бошотулган.

2010-жылдан кийин Мамлекеттик күзөт кызматы жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКнын курамына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости