www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бензиндин баасы 50 сомдон ашты

Бишкек шаарында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 сомдон ашты. Бул тууралуу күйүүчү май сатуу менен алектенген компаниялардын сайтынан көрүүгө болот.

Бүгүн эртең мененки маалыматка караганда, «Газпром» компаниясы АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди 50,50 сомдон, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди 48,50 сомдон сата баштады.

Ал эми «Роснефть» АИ-95 үлгүсүндөгү бензинге 50,30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майга 48,30 сом деген баа койду.

Белгилей кетсек, бир нече күн АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 49,50 сом, кийин 49,90 сом болуп кармалып турган.

Адистер күйүүчү майдын баасына дүйнөлүк рыноктогу абал таасир этип жатканын айтып келет. Мисалы, апта башында пандемия учурунда суроо-талаптын азайышынан улам кампаларда топтолуп калган мунай запасы дээрлик түгөнгөнү кабарланган. 

Эске салсак, буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүп, апрель айында бензин алты пайызга, дизель майы тогуз пайызга кымбаттай турганы күтүлүп жатканын айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости