www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу үчүн кимдер төлөшөт, албетте, акчасын тиякка тартса, тиякка жетпей, биякка тартса биякка жетпеген кыргыз жарандары. «Кумтөр» төлөйбү? Кыргызстандан агып жаткан сууну пайдаланып жаткан Өзбекстан менен Казакстанчы? Конвенция боюнча суу сактагыч сыяктууларды куруп алсак, сууну сатат элек. Бирок, ашыналар суу сактагычтарды биздин жерге куруп алышып, менчиктеп алышат экен.

«Кумтөр» Суу кодексин тоготпой, сууга бир тыйын да төлөшпөйт

«Ишенген кожом сууга акса, алды-артынан тал карма» - деген кеп бар. Биздин мамлекеттин бюджетине киреше кийирүү жаатында «Кумтөр» кени «ишенген кожобуздун» бири. Кыргызстанда Суу кодексинин 48-беренеси боюнча сууну пайдаланганы боюнча ар бир ишкана тиешелүү төлөмдөрдү төлөп турууга тийиш. Биздин атамекендик ишканалар мыйзам боюнча ар бир кубометр сууга зарыл болгон төлөмдөрүн төгүп келе жатышат. Канчалык акча таап, канчалык «ишенген кожобуз» болсо да Кумтөрдө канадалыктар мындай мыйзамды тоготуп коюшпайт экен, алар колдонулган суу үчүн бир тыйын да төлөп койбойт. 2019-жылы кыргыз өкмөтү менен "Центерра" экологиялык стратегиялык жаңы келишимди бекитишкен. Кыргыз өкмөтү жаңы келишим боюнча экологиялык жана социалдык төлөмдүн суммасын мурдакы 87 млн доллардан 150 млн долларга чейин көбөйтүүгө жетишкенин билдирген. Ошол эле убакта бул келишимде кыргыз тарап мурдакы миллиарддаган суммадагы экологиялык доолордон баш тартканы үчүн өкмөттү сынга кабылдыр,ган. Жогорку Кеңеш парламенттик комиссия жиберип, "Кумтөр" долбоорун текшерип, "Центерра" менен негизги макулдашууну коррупциялашкан долбоор деп тааныган. Маалыматтар боюнча, «Кумтөр» кениндеги өндүрүштүн көлөмү, башында каралгандай, 550-600 миң унций же 17,1-18,7 тонна алтынды түзөт. Бул тууралуу Centerra Gold Inc. («Центерра») ишканасынын жана «Кумтөр» ишканасынын 2020-жылдын I кварталындагы өндүрүштүк жыйынтыгы жөнүндөгү отчетунда айтылат. Бирок, өткөн жылдагыдай эле жалпы көлөмдүн 50% 2020-жылдын экинчи кварталында, качан борбордук карьердеги SB аймагынын алтын көп тилкесине кайрадан жетишкенден тарта өндүрүлөт. 2020-жылы жалпы капиталдык чыгымдар, ачуу иштерин эске албаганда 99 млн доллардын тегерегинде пландалган. Алардын 47 млн доллары негизги фонддорду: тоо техникасы паркын кайра жаңылоого, кошумча тоо жабдууларын жана алтын бөлүп алуучу фабриканын тегирменине тиштүү шакек дөңгөлөктөрдү алууга, таштанды сактоочу жайдын аянтын чоңойтууга жана башкаларга багытталат. Инвестициялар жана өнүктүрүүлөр 52 млн доллар өлчөмдө пландалган жана өзүнө, KS-13 планына ылайык карьердин контурларын кеңейтүүгө байланыштуу кендин объекттеринин инфраструктурасын, сууну сордуруу боюнча иш-чараларды жана жаңы тоо техникасын сатып алууну камтыйт. 2020-жылы кендерди ачуу иштеринин капитализациясы 195 млн доллар өлчөмүндө болору белгилүү болгон.

Жапаров Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга төрага болгон

Жапаров Акылбек Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга төрага болгон. Президент Садыр Жапаров Кумтөр боюнча депутаттык комиссияда күжүрмөндүүлүк менен иштеп, ал эмес 2012-жылы 3-октябрда Кумтөр иштери боюнча митинг уюштуруп, аягы Камчыбек Ташиев баш болуп Ак үйгө чабуул жасап жиберишкенин, президент Атамбаев сандалактап качып, премьер Сатыбалдиев кыргызды сатып, президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаев дардалактап Нарынга кире качканы бар. Ошонун айынан Жапаров, Ташиев жана Мамытовдоор соттолушуп, азыркы Башкы прокурор Зулушев болбосо, ал кездеги Башкы прокурор Аида Салянова жана кийинки Башкы прокурор Индира Жолдубаевалар түрмөнүн түбүндө чиритмек беле? Эмнегедир булар бийлик башына келген соң Кумтөр дешип жулунушпай, аяр мамиле кылып калгандай. Учурда Кумтөрдө эле биздин 26% акциябыз турат. Ал 1 млрд доллардан ашык акча. Ошонун 700 миллионун алып келсе дагы эки банк ачышып, жеңил өнөр жайына, айыл-чарбасына, гидро энергетика тармактарына салса болот. Эми да Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүлмөй болду. Анткени, кээ бир депутаттардын курсагы ачып калгандай, барып тоюнбаса бовойт да. Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүү комиссиясын түзүү зарыл болуп, фракциялар комиссиянын мүчөлүгүнө депутаттарды сунушташты. Алар - Акылбек Жапаров, Үмбөталы Кыдыралиев, Эрмамат Тагаев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров.

Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун кетирген чыгымдарын, «Кумтөр» компаниясы берген каражаттын эсебин териштирип чыкты. Анын негизинде Палата өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондду башкаруу боюнча дирекция түзүү укугуна баа берүүнү сунуш кылып Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Эсеп палатасы маалымат таратты. Маалыматка караганда текшерүү учурунда фонддун каражаттарын башкаруу дирекциясынын башчысы бөлүштүрөрү, ага мындай укукту өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү ыйгарганы, бирок мындай укук анда жок экени белгилүү болгон. Маалыматта эки жылда дирекция 29,4 миллион сом короткону белгиленген. Фонддун эсебинен ыйгарым укуктуу өкүлгө корогон чыгымдар 6 654,6 миң сомду түзгөн. «Резиденция» ишканасына 800,0 миң сомдук автомашина алынган. Курулуш-монтаждоо иштерине көзөмөлдүн жоктугунан 24,998.9 миң сом каражат ашык коротулган. Эки жылда эмгек акы жана социалдык чегерүүлөр үчүн 24288,3 миң сом жана сый акылар үчүн 6 384,3 миң сом төлөнгөн. Мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузулган учурлар катталган. Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө узак мөөнөттүк план болгон эмес. Аудиттин жыйынтыгы президентин аппараты, Жогорку Кеңеш, Коопсуздук кеңеши, Мамлекеттик салык кызматы баштаган мамлекеттик тиешелүү органдарга жиберилгени да маалыматта белгиленген. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жобосуна ылайык анын каражаттары фонддун байкоочу кеңеши бекиткен сметанын негизинде чыгымдалат. Фондго «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын дүң кирешесинин 1% бөлүнөт.

Учурда алты миллион элдин миллиону чет элде сандалып жанын багып жүрүшсө, бир жарым миллиону жакырчылыктын чегинде жашашса, дагы эки миллиону жакырчылыкты көздөй сүңгүп баратса, ушунун барын жөнгө сала турган ал кездеги бийлик, карапайым элдин сөзүн койолу кадыр-барктуу, экономика илиминин доктору, комитеттин жетекчилеринин сунуштарына кулак какпай турушса, эмне деген заман болот. Өкмөткө айтылган сунуштар «капкара тешикке» кирген бойдон чыга албай жатса, ал эми өкмөттүн алкымы «Бермуд үч бурчтугундай» болуп, элге пайда берүүчү «Кумтөр» сыяктуу бай компанияларды оп тартып соруп турса, «ишенген кожоң сууга акса, алды артынан тал карма» дегенден башка аргабыз жок экен да.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости