www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дарыгер кармалды

Өспүрүм кыздын майып болуп калуусуна себеп болгон шектүү дарыгер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2025-жылдын 28-августунда укук коргоо органдарына З.С. аттуу жаран Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгеринин катасы тууралуу арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 2024-жылдын октябрь айында Н.Б. аттуу нефролог-дарыгер 2011-жылы туулган К.А. аттуу өспүрүмгө медициналык жардам көрсөтүү учурунда туура эмес дарылап, мындан өспүрүмдүн оң буту ампутацияланган.

Бул факт боюнча КРнын Жазык кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен кылмыш иши козголгон.

Соттук-медициналык экспертизалардын корутундуларынын негизинде шектүүгө айып коюлуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости