www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 18-21-май күндөрү Бишкек шаарындагы «Динамо» түштүк спорт комплексинде олимпиада чемпиону жана дүйнө рекордсмени А. Мелентьевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматтык көп түрлүү спорт жана ок атуу боюнча чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке республиканын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын көрсөтүштү.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча командалар төмөнкүдөй байгелүү орундарды ээлешти:

1-орун - ИИМдин Атайын багыттагы полку
2-орун - ИИМдин Ички аскерлери
3-орун - ИИМдин Борбордук аппараты

Мындай иш-чараларды өткөрүү кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, командалык духту чыңдоого жана спорттук чеберчилигин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости