www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ШКУ саммитинин жыйынтыктары талкууланды

Бишкекте ШКУ саммитинин жыйынтыктары талкууланды

2025-жылдын 11-сентябрында Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин жыйынтыктарына арналган брифинг жана «80 жылдык Жеңиш – Кытай элинин Жапон баскынчыларына каршы күрөшү жана Дүйнөлүк антифашисттик согуш: тарых сабактары жана келечек үчүн жоопкерчилик» аттуу илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, КРнын мурдагы тышкы иштер министри жана саясат таануучу Аликбек Джекшенкулов, тарыхчы жана мурдагы парламент спикери Зайнидин Курманов, элчи Канайым Бактыгулова, окумуштуу Доолотбек Сапаралиев жана башка эксперттер катышып, өз ойлорун бөлүшүүдө.

Иш-чараны “Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезити менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги биргеликте өткөрүүдө.

“Сентябрда Тяньцзиндеги саммитте ШОСко төрагалык кылуу миссиясы Кытайдан Кыргызстанга өттү . Ушундай шартта бул иш чара чоң саясий-дипломатиялык мааниге ээ жана символикалуу”-, деп билдирди “Кыргыз Туусу” гезитинин баш редактору Алмаз Кулматов.

Последние новости