www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте түнкүсүн -16. 19-январга карата аба ырайы

19-январда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2;

Нарын аймагында түнкүсүн -25…-30, күндүз -11…-16;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -11…-16 градус болот.

​19-январда борбор калаа Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16°, күндүз -5…-7° градусту түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости