www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-январда Киев облусунун Бровары шаарында тик учак бала бакчанын жанына кулап, 16 киши каза болду. Алардын үчөө бакчанын тарбиялануучулары.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка коюу туман себеп болушу мүмкүн. Учкуч тумандан улам бийик имаратты байкабай, дароо жогору көтөрүлүүгө аракет кылганда башкарууну жоготуп койгон.

Украинанын коопсуздук кызматы кырсыктын үч себебин кароодо – учуу эрежелерин бузуу, техникалык мүчүлүштүктөр жана транспорт каражатын атайылап жок кылуу аракети.

Маалыматка караганда, тик учактагы тогуз кишинин баары, анын ичинде Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский, анын биринчи орун басары Евгений Енин жана мекеменин статс-катчысы Юрий Лубкович мерт болду.

Кырсыктан жараат алган 30 кишинин арасында бала бакчанын 12 тарбиялануучусу бар.

Киев облусунун администрациясынын башчысы Алексей Кулеба тик учак балдар бакчасы менен эл жашаган үйдүн ортосуна түшкөнүн айтты. Бакчадагы балдар менен тарбиячылар эвкуацияланды.

Бровары шаардык администрациясынын башчысы Игорь Сапожко тик учак Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматына таандык болгонун билдирди.

Украин өкмөтүнүн башчысы Денис Шмыгаль өлкөнүн ички иштер министринин милдеттерин убактылуу Улуттук полициянын башчысы Игорь Клименко аткара турганын билдирди. Ички иштер министрлигинин жаңы жетекчиси парламент менен талкуулагандан кийин дайындалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости